​Айрым жерлерде коронавирусту аныктоо үчүн үймө-үй кыдырышат

  • 4 года мурун

Бишкектин айланасындагы конуштардын, ошондой эле вирус чыгып жаткан өлкө аймактарындагы айрым калктуу конуштарынын тургундары текшериле баштайт.

Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында талкууланды.

-Илдетти жугузган айрым райондордун аймагындагы үймө-үй кыдыруу, тургундардын саламаттыгын текшерүү иши уюштурулган түрдө сапаттуу жана ыкчам өткөрүлүшү керек. Мобилдик бригадалар иштин бул баскычына даяр болуусу шарт, — деди биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 345 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

25-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 9 учуру катталып, жалпы саны 665 болду. 8 киши каза тапты.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты