Саламаттык сактоо министрлиги: Коронавирусту дарылоонун бир кишиге эсептөө наркы орточо 8000-120 000 сом

  • 4 года мурун

Кыргызстанда стационардагы COVID-19 вирусуна чалдыккан бир бейтапты дарылоонун орточу наркы оордугунун даражасына жараша 8000 сомдон 120 000 сомго чейин түзөт.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан салаамттык сактоо министрлигинин маалыматына таянып билдирди.

Бул каражатка дары-дармектерге, стационарда калууга, медициналык каражаттарга, изилдөө жүргүзүүгө жана анализ тапшырууга кеткен чыгашалар кирээри маалымдалды. .

Буга чейин саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Кыргызстанда деле оронавируска чалдыккан ар бир учурду дарылоого, жана медициналык жактан тейлөөгө Өзбекстандагыдай эле 3 миң доллар чыгым жумшалат болушу керек деп билдирген.

24-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 656 болду.

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 322 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 8 киши каза тапты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты