Стамбулдан келген жүргүнчүдөн COVID-19 аныкталды

  • 4 года мурун

17-апрелде Түркиядан келген жүргүнчүлөрдүн биринөн коронавирус аныкталды. Аны менен байланышта болгон адам медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга алынды.

Калган жарандар саламаттык сактоо министрлиги бекиткен алгоритм иш-аракеттерине ылайык, биринчи алынган ПЧР анализдеринин терс жыйынтыгынан кийин үй карантинине жиберилди.

Белгилеп кетсек, учуп келген учурда бардыгы үй карантиндин шарттары көрсөтүлгөн сурамжылоо толтурат, эгер алар жок болсо, жарандар 14 күнгө обсервацияга жиберилет.

«Манас” эл аралык аэропортунда 17-апрелде Стамбулдан келген чартердик рейс менен кыргызстандыктар келген

23-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учуру катталып, жалпы саны 631 киши болду.

48 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. 302 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 8 киши каза тапты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты