​Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстанга гуманитардык жардам берди

  • 4 года мурун

Бүгүн, 23-апрелде эл аралык «Манас» аэропорту «Etihad Airways» авиакомпаниясынын келген гуманитардык жардамды тосуп алды.

Анда коронавируска каршы күрөшүү боюнча жеке коргоочу каражаттар жана медициналык дары-дармектерди камтыган гуманитардык жардам келген.

Жардам Президент Сооронбай Жээнбеков менен Абу-Даби мураскер-ханзаадасы БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн башкы кол башчысынын орун басары шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайян ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашты.

Бул тууралуу коронавирустун алдын-алуу жана ага каршы күрөшүү республикалык штабы кабарлады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты