​Президент орозо айынын башталышы менен куттуктады

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-апрелде, кыргызстандыктарды орозо айынын башталышы менен куттуктады.

-Баарыңыздарды куттуу орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм!

Отуз күн кармаган орозонун касиети менен дил дүйнөбүз тазарат, ыйманыбыз тереңдейт, аруу сезимдер арбып, жакшылыкка болгон үмүтүбүз бекемделет.

Коомдук биримдикке, улуттар арасындагы ынтымакка, бири-бирибизди колдоого чакырган Орозо күндөрүнүн мааниси — бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда бизге өтө зарыл.

Баарыңыздарга бекем ден-соолук, бактылуу жашоо каалайм, жүрөктөрдө тынчтык орноп, аруу тилектердин орундалышын тилейм!-деди мамлекет башчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты