​Апрелдеги сууктан агрардык сектор 301 млн сом зыян тартты

  • 4 года мурун

Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарында 2020-жылдын 8-9-апрелинде жүргөн үшүк агрардык секторго олуттуу зыян келтирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, чыгашалар 301 млн 433 миӊ сомду түздү, — деп билдирди КР айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев.

Өкмөт “Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоорунун алкагында ун жана буудай сатып алууга 800 млн сом бөлдү. Бүгүнкү күндө 230 млн сом пайдаланылды,

Министрдин айтымында. 20-апрелге карата “Айыл чарбасын каржылоо-8” долбоорунун алкагында 1776 жаран жалпы 1 млрд 36 млн 800 миӊ сом суммасына насыя алды.

8-9-апрелде Кыргызстандын бир катар аймактарында катуу жамгыр жаап, үшүк жүргөн.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты