Орусия жана Түркиядан 526 кыргыз жараны кайтып келгени жатат

  • 4 года мурун

Бүгүн жана жакынкы күндөрү чет жактагы 526 кыргызстандык Мекенине кайтып келет. Аларды тосуп алуу, текшерүү жана обсервациядан өткөрүү маселелери 22-апрелде коронавируска каршы республикалык штабдын отурумунда талкууланды.

Штабдын башчысы, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов «Обсервация жайлары, медицина мекемелери даяр болушу шарт. Тиешелүү бардык кызматтар, жергиликтүү бийлик органдары жарандардын келиши, аларды жайгаштыруу жана мындан аркы аракеттер боюнча так жана алгоритмге ылайык иштеп, келгендер үчүн зарыл шарттарды түзүүсү зарыл» деди.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 22-апрелде Орусиянын Новосибирск шаарынан учак менен 176 кыргыз жараны келет. 24-апрелде Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен 350 кыргызстандыктын келери пландалып жатат.

Алардын бардыгы Бишкектин обсервациялык жайларына жайгаштырылат.

Чет жакта жүрүп, коронавируска байланыштуу чек аралар жабылгандыктан мекенине кайта албай калган кыргызстандыктар маселеси 15-апрелде парламенттин жалпы жыйынында талкууланган негизги көйгөйлөрдүн бири болгон.

Өкмөт буга чейин 6 миң кыргызстандык мекенине алынып келгенин, дагы 4371 адам келе албай жатканын билдирген. Алардын көбү Орусияда экени айтылган.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты