​Эболаны дарылоого колдонулган дары коронавирусту дарылоодо оң таасирин бергени чындык

Социалдык тармактарда буга чейин Эбола вирусун дарылоо үчүн колдонулуп келген “ремдесивир” дарысы коронавирусту дарылоодо оң таасирин бергени талкууланып жатат. ПолитКлиника бул маалыматтарды текшерип көрдү.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирусту айыктыра ала турган дарыны табуу максатында “Тилектештик”эл аралык клиникалык сыноолорун баштаган. Учурда 90 өлкө натыйжалуу дарыны табуу үчүн биргелешип иштеп жатышат.

Лабораториялык, жаныбарларга жасалган жана клиникалык изилдөөлөрдүн негизинде дарылоонун төмөнкүдөй варианттары тандалган: Ремдесивир; Лопинавир / ритонавир; Лопинавир / ритонавир интерферон менен бета-1а; жана хлорохин же гидроксихлорохин.

Ремдесивир буга чейин Эболаны дарылоодо сыналган. Ал Жакынкы Чыгыш Респиратордук Синдромун (MERS-CoV) жана Коронавирустун Катуу Респиратордук Синдромунун (SARS) изилдөөлөрүнүн негизинде жаныбарлардын үстүнөн жүргүзгөн изилдөөдө келечектүү натыйжаларды көрсөткөн. Бул анын COVID-19 менен ооругандарга кандайдыр бир таасир тийгизиши мүмкүн деп божомолдонгон.

STATNEWS онлайн басылмасынын маалыматтарына ылайык, Чикагодогу ооруканада COVID-19 оорулууларын ремдесивир менен дарылаган. Кылдаттык менен көзөмөлдөнгөн клиникалык сыноодон кийин лихорадка жана распиратордук симптомдору тез айыгып, бир жумага жетпеген убакыт ичинде бардык бейтаптар ооруканадан чыккан. Эгерде бул дарынын коопсуздугу жана натыйжалуулугу далилденсе, COVID-19 вирусун дарылоодо бекитилген алгачкы дары болот.

Чикагонун Медициналык Университети алардын жүргүзгөн клиникалык сыноолоруна катышуу үчүн COVID-19 вирусу менен ооруган 125 адамды кабыл алды. Бул адамдардын 113 оор түрүнө чалдыккан. Бардык бейтаптар күн сайын ремдесивирдин тундурмаларын алышкан.

«Эң жакшы жаңылык, учурда биздин бейтаптардын көпчүлүгү ооруканадан чыкты. Бул абдан жакшы. Биз эки гана бейтапты жоготтук ”, — деди Чикаго университетинин жугуштуу оорулар боюнча адиси, оорукананын ремдесивир изилдөөсүн көзөмөлдөгөн Кэтлин Муллан.

Чикаго медициналык университетинин билдирүүсүндө, «азыркы учурда кандайдыр бир жыйынтыкка келүү эрте жана илимий жактан негизсиз» деп айтылат.

Башка ММКлар(CNN, NYTIMES, NYPOST, TIME) дагы ушундай маалыматтарды беришкен.

Жыйынтык: Covid-19ду айыктырууга Ремдесивир оң таасир бергени чындык.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты