​Кытайдан медицина кызматкерлери келди

  • 4 года мурун

Кытай медиктери атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүп, топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшөт. Мындан тышкары, алар дарыгерлерге оорулууларды дарылоодогу ыкмаларын үйрөтүшөт.

Биздин өлкөгө Кытайдан медициналык эксперттерди жөнөтүү тууралуу макулдашууга 2020-жылдын 14-апрелинде Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинь менен телефондук сүйлөшүүсүнүн жүрүшүндө жетишилген.

Буга чейин Польшадан да дарыгерлер тобу кыргызстандык кесиптештерине жардам берүүгө келген.

Кыргызстанда 20-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14 учуру катталып, бардыгы 568ге жетти.

Кыргызстанда бир сутка ичинде жалпысынан 68 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 201ге жетти.

Жалпысынан республикада COVID-19дан 7 адам каза болду.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты