​Православ христиандары пасха майрамын белгилешет

Бүгүн, 19-апрелде, Кыргызстандын православ христиандары пасха майрамын белгилешет.

Бул—православ христиандарынын негизги диний майрамы, Иса пайгамбардын жан дүйнөнү жабыркоодон сактап калыш үчүн жашоого кайтып келишине ишенген күн, өзгөчө майрам.

Бул күнү православ христиандары жумуртканы боеп, таттуу токоч—кулич жана пасха—быштак менен мейиз кошулган азык жасап, Иса пайгамбарды, анын жашоого кайтып келишин, жаздын жаркын күнүн, жашоонун маңызын даңазалап, бул жашоодон өтүп кеткендерди эскеришет.

Алар бири-бирин «Христос воскресе” (“Иса пайгамбар кайтып келди!”) деп куттукташып, “Воистину воскрес! ( “Чындыгында тирилип келди!”) деген жооп алышат.

Быйылгы жылы пасха майрамы коронавирус илдети дүйнөгө жайылып турган учурга туш келип турат.

Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилип, айрым аймактарда өзгөчө абал жарыяланып, алар мурдагы жылдардагыдай чиркөөгө барып чокуна албай, өтүп кеткен жакындарынын бейитине бара албай турушат.

Биз дагы христиандарды алардын жаркын майрамы менен куттуктайбыз.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты