​Коменданттык саат тартибин бузгандар Бишкекте көп болууда

Өткөн суткада, 18-мартта, коменданттык саат убагында 21:00дөн 6:00гө чейин тартип бузгандардын саны тууралуу маалыматка көңүл буруңуздар.

Сутка ичинде тартип бузгандар:

Бишкек шаарында – 74;

Ош шаары, Кара-Суу, Ноокат райондору – 9;

Жалал-Абад шаары, Сузак району – 5;

Нарын шаары, Ат-Башы районунда – 5 киши тартип бузган.

Бишкекте коменданттык сааттын тартибин бузгандар тууралуу комендант Алмазбек Орозалиев шаардыктарга кайрылды. (Видео)

Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирустун жаңы 17 учуру катталып, бардыгы 506га жетти.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: АКИ пресс.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты