​Ат-Башыга жана Жумгалга дарыгерлер жөнөтүлдү

  • 4 года мурун

Коронавирус менен күрөшүүгө Нарын облусуна нейрохирург, эпидемиолог, балдар инфекционисти жана кардиолог дарыгерлерден турган эки топ жөнөтүлдү.

Өз каалоосу менен кеткен дарыгерлер Ат-Башы жана Жумгал райондорундагы кесиптештерине жардам беришмекчи.

Аймактарга ушуну менен 7 жана 8 дарыгер тобу жөнөтүлдү.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирустун жаңы 17 учуру катталып, бардыгы 506га жетти.

18-апрелде, бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер катталган жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 жугузган медициналык кызматкерлердин саны 116га жетти.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты