​№17 үй-бүлөлүк медборбор кызматкерлери тууралуу маселе чечилди

  • 4 года мурун

Кечээ, 17-апрелде, №17 үй-бүлөлөк медицина борборунун төрт медкызматкери COVID-19 вирусуна чалдыкканы тастыкталгандан кийин бардык керектүү чаралар көрүлгөн.

Борбор дезинфекцияланды, персонал бардык процедуралар аяктаганга чейин (17:00) борбордо калышы керек болчу.

Ошол эле учурда медперсонал менен тийиштүү чаралар жүргүзүлгөн – анализдерди алуу жана аларды обсервацияга жайгаштыруу маселесин чечүү.

Белгилей кетсек, аталган борбордун 22 медкызматкери “Ак кемедеги” карантиндик зонага жатуудан баш тартып, аларды «Garden» отелине жайгаштырууну талап кылышкан.

Бишкек мэриясы жана саламаттык сактоо министрлиги бул маселени 19:30га чейин чечип, алардын баары «Garden» отелине жайгаштырылган.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Кечээ, 17-апрелде, №17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери суукта Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлерин күтүп , обсервацияга өз алдынча баргандыгы ЖМКда сындалган.

Кыргызстанда 18-апрелге карата коронавирустун жаңы 17 учуру катталып, бардыгы 506га жетти.

18-апрелде, бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер катталган жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер саны 116 учур бойдон калды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты