Коронавирустун белгилери адамда билинбеген учуру коркунучтуубу?

Суроолорго саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жооп берди.

-Коронавирус турмуш-тиричилик шарттарында жугуп жатат. Вирус аба аркылуу, жеке жана коомдук гигиена сакталбагандыгынан болууда, — деп билдирди саламаттык сактоо министринини орун басары.

-Симптомсуз жүргөн коронавирус коркунучтуубу?

-Муну эки тараптуу караса болот. Биринчиден, симптому жок жүрүп жатканда анын ден соолугуна анча залалы жок, иммунитети күчтүүлүгүнөнбү же башка себептенби, бул билинбей жүрө берип жатат. Билинбей да өтүп кетиши мүмкүн.

Башка, эпидемиологиялык жагынан караганда, бул өтө кооптуу жагдайга алып келиши мүмкүн. Анткени симптомсуз түрдө өтүп жатканда айлана-чөйрөгө вирустун чыккандыгы байкалат, башкаларга жугузуп, элге коркунуч туудурушу мүмкүн.

—Медицицина кызматкерлери коронавируска көп чалдыгып жатат. Ошондон улам адистердин жетишсиздиги байкалабы?

-Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурганы айтылып жаткан 116 учурдун 36сын врачтар түзүп жатат. Калгандары орто жана кичи персонал, техникалык жактан тейлөөчү адистер. Бүгүнкү күндө курч мүнөздө адистер жетишпей жатат деп айткандан алысмын.

Ошентсе дагы тейлеп жаткан элдин саны көбөйгөндүктөн, контактта болуп жаткандарды карап жатабыз. Кошумча күчтөрдү, саламаттык сактоо министрлигинен бригада түзүп, ошолорду жер-жерлерге командировкага жиберип жатабыз. Эгерде жетпей калып жатат деп координаторлордон маалымат келсе, аны ошол замат чечип койгонго бизде мүмкүнчүлүктөр бар.

Мындан тышкары ошол жерлерге барып, өз ыктыяры менен жардам берем деген биздин адистерибиз дагы бар. Алардын арасынан улам алып, командировкага жиберип жатабыз.

—116 кызматкердин арасынан оорудан сакайып жумушуна киришкендер барбы?

-Бүгүнкү күндө андай учурларыбыз бар. Анткени COVID-19 инфекциясы көп учурда белгилери өтө чыкпай эле жеңил түрүндө өтүп жатат. Андай учурларда толук дарылоо курсун алып, кайра ишине киришип жатышат.

-Түркиядан учуп келген кыргызстандыктардын арасында COVID-19 учуру тастыкталдыбы?

-Кечээ Түркиядан биздин 211 биздин жараныбыз учуп келди. Аларды обсервацияга толугу менен жаткырдык. Кечинде анализдеринин баары алынган. Бүгүнкү күндө 198 жарандын анализи терс чыкты, бир азыраагы калды, дагы каралып жатат.

-Бишкек шаарында ПЦР- тест тапшырууну каалаган медиктерден анализ алындыбы? Эмнеге саламаттык сактоо жетекчилиги бул абалды көзөмөлгө алган жок?

-Ооба, кечээ ошондой учур болду. Анын себеби мейманкана акысын чечип жүргүчө ошондой болду. Биздин адистер жакшыраак шартта жатууну каалап, болгон обсераваторорго жатуудан баш тартышты. Ошондуктан аларды башка, өзүнчө мейманканага жайгаштырууга туура келди.

Ал маселе толук чечилди. Кечээ кечинде биз аларга бардык, алар жайгаштырылды жана көзөмөлгө алынып жатат.

№17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери ПЦР- иликтөөгө алынат. Ал жакта эпидемиялык иликтөө жүрүп, иш-чара бекитилет. Бул маселе — биздин көзөмөлдө.

—Оорулуулар менен байланышта болгондорду издөөдө эмнеге аскер кызматкерлерин тартууга болбойт?

-Бул маселе деле бизде чечилген. Дареги табылбай калгандар же башка облустарга кетип жаткандары бар, Бул боюнча маалыматтар чогултулуп, штабда каралып, бири-бирине өткөрүү процесси бар. Бизде даректер жок болуп калган же башка мүчүлүштүктөр болсо, саламаттык сактоо министрлигинин адистерине, ички иштер министрлигие кайрылып, бул иш-чараны ишке ашырууга аракетибиз бар. Биргелешип иштелип жатат.

—Чакырылып жаткан аскерге жарактуу медицина адистери кайсы жактарга жиберилет?

-Бул маселе иштелип жатат. Чакырылгандар эпидемиялык иликтөө жагынан, эпидемияга каршы иш-чараларда керек. Врач-эпидемиологдор, жардамчылар, лаборанттар ж.б. .

-Эмнеге түндүк тараптын врачтарын түштүк жакка жиберип жатышат? Адегенде ыктыярдуу болду эле, эми мажбурлоо болуп жаткандай. Ал жакта пульмоногдор, реаниматологдор ж.б. адистер бар, аларды үйлөрүнө бошотуп жатышат. Аларга ишенишпейби?

-Бул маселени башка жагынан караш керек. Биринчи коронавирус учуру түштүк аймактардан чыккан. Саламаттык сактоо координаторлору бул маселенин үстүндө иштеп жатат, оперативдүү штабдарда талкууланууда.

Врачтардын баары, эмге өргүүдөгөлөр кайра чакырылды, алар иштеп жатышат. Ал эми кошумча обсервация, госпиталь пайда болгондо,, үчтөндүрүш керек болуп, жаңы бригадалар түзүлүүдө.

-Түштүк тарапка канча киши жиберилди?.

-Бул маалыматты так айта албайм. Ар кайсы тарапка, Ат-Башыга да жөнөтүп жатабыз. Бул процесс дайыма жүрүүдө. Адистер жетишпей жаткан бардык жактарга жөнөтүлүүдө.

Суроолорго саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 18-мартта маалымат жыйынында жооп берди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты