​АКШ Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшкө 900 миң долларлык жардам берет

  • 4 года мурун

АКШ эл аралык коомчулуктун коронавируска каршы күрөшүнө көмөктөшүп, жабыр тарткан мамлекеттерге гуманитардык жардамын улантарын билдирди.

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаменти бул багытта 508 миллион доллар бөлүнгөнүн кабарлады. «Бул каражаттар ооруну ооздуктоого, элге өз убагында маалымат жеткирүүгө, өтө маанилүү тармактарды колдоого багытталат», — деп билдирген АКШнын тышкы саясий мекемеси.

АКШдан жардамды мурдагы Советтер Союзу өлкөлөрү да алат. Ага ылайык, Беларуска 1,3, Украинага 9,1, Грузияга, Арменияга жана Азербайжанга 1,7 миллиондон доллар тиет. Ал эми Борбор Азия мамлекеттерине берилген жардамдан Казакстан 1,6 миллион, Кыргызстан 900 миң доллар алат.

Бул тууралуу «Азаттык» медиасы кабарлады.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмун (ДССУ) каржылоону убактылуу токтоткон. Кошмо Штаттардын президенти бул уюмду «өзүнүн негизги милдеттерин аткара алган жок жана ушундан улам жоопко тартылышы керек» деп айыптаган.

Дүйнө лидерлери жана Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Трамптын ДССУ боюнча чечимин сынга алышкан.

АКШ — ДССУга эң көп каражат бөлгөн өлкө. Былтыр Ак үй ага 400 миллион доллардан ашык каражат берген жана бул уюмдун бюджетинин 15% түзгөн.

Кыргызстанда 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды: Вируска чалдыккандардын саны 489га жетти.

18-мартка карата дүйнөдө 2 242 868 киши коронавируска чалдыкты. Коронавируска чалдыккандардын саны боюнча АКШ бардык өлкөлөрдөн алдыда, 18-мартка карата 702 475 киши чалдыкты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты