​Түркияда калып калган кыргызстандыктар Мекенине келди

«Манас” эл аралык аэропортунда 17-апрелде Стамбулдан келген чартердик рейсти тосуп алышты.

Баарынын коопсуздугу үчүн жүргүнчүлөр аба майдандын имаратынын ичине кирбестен, перронунда тейленип, обсервацияга жөнөтүлдү.

5-апрелде Жогорку Кеңеш чет өлкөдөгү мигранттарды алып келүүнү чечүүгө өкмөткө бир жума мөөнөт берген.

Түркияда калган кыргызстандыктарды алып келүүгө КР тышкы иштер министрлиги, “Замандаш” партиясы, Жогорку Кеңеш, депутаттар Наталья Никитенко менен Исхак Пирматовдун ж.б. салымы белгиленип жатат.

16-апрелде тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу видеоконференция форматында сүйлөштү. Анда эки өлкөнүн жарандары үчүн чартердик аба каттамын уюштуруу маселеси каралган.

Өкмөт аларды жана башка чет мамлекеттердеги 4371 кыргызстандыкты алып келүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

17-апрелге карата дүйнөдө 2 158 033 киши коронавирус жуктурду. Түркияда 74 193 киши коронавируска чалдыкты .

Кыргызстанда 17-апрелге карата республика боюнча тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жаңы 23 учуру катталды: Вируска чалдыккандардын саны 489га жетти.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты