Кургак учуктан сактоочу вакцина коронавирустан сактайт деген маалымат далилденген эмес

Социалдык тармактарда кургак учукка каршы колдонулуп келген (Bacillus Calmette-Guérin, BCG) вакцинасы коронавирустан сактай турганы талкууланып жатат. ПолитКлиника бул маалыматты текшерип көрдү.

Reuters маалымат агенттиги Австралияда 4000 медицина кызматкери кургак учукка каршы колдонулуп келген вакцина коронавирус менен күрөшүүдө натыйжалуулугун аныктоо үчүн иликтөө баштаганын жазып чыккан:

“Bacillus Calmette-Guérin же BCG вакцинасы жыл сайын кургак учук менен ооруган өлкөлөрдө миллиондон ашык балага берилет, бирок изилдөөчүлөр бул вакцина иммундук системаны кеңири стимулдай алгандыктан жаңы коронавирус менен күрөшө алат дешет. Вакциналар организмге вирустар жана оорулар менен күрөшүп, адамдын иммунитетин бекемдөөгө жардам берет, бирок, ооруларды айыктырбайт. Австралия ооруканаларынын 4000ге жакын кызматкери аталган вакцинанын изилдөөлөрүнө катышат, анын жыйынтыгы болжол менен алты айда белгилүү болот, деп билдирди Мельбурндагы Мердок балдар илимий-изилдөө институту (MCRI)”,— деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми Украиналык Страна.ua онлайн басылмасы “Кургак учукка каршы вакцина коронавирустун өлүмүн дээрлик 6 эсеге азайтат — изилдөө” деген макаласын жарыялаган:

“Жаңы америкалык изилдөөгө ылайык, BCG эмдөө жүргүзүлгөн өлкөлөрдө коронавирустун өлүмү дээрлик алты эсе төмөн. Изилдөөнүн жыйынтыктары MedRxiv онлайн архивинде жарыяланды. Азырынча алар илимий журналдарда жарыялана элек, анткени изилдөө илимий рецензиядан өтө элек. Алар өз макалаларында BCGди колдонуу менен COVID-19 вирусунан өлүм деңгээлинин азайышынын ортосундагы байланыш айкын көрүнүп турат деп ырасташат. COVID-19 вирусунан өлүм BCG колдонбогон өлкөлөргө караганда, аталган вакцина колдонулган өлкөлөрдө 5,8 эсе төмөн”, — деп айтылат макалада.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кургак учуктан сактоочу вакцинанын коронавирусту алдын алышынын далилденбегинин билдирди:

“Bacillus Calmette-Guerin (BCG) вакцинасы адамдарды COVID-19 вирусуна чалдыгуудан коргошу далилдгенген эмес. Учурда бул маселеге арналган эки клиникалык сыноо жүрүп жатат жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аныкталган далилдерге өз баасын берет. Учурда далили жок болгондуктан, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19дун алдын алуу үчүн BCG эмдөөсүн колдонуун сунуш кылбайт”, — деп билдирди Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму.

Жыйынтык: Кургак учуктан сактоочу вакцинанын коронавирустун алдын ала турганы далилдене элек.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты