Россия Жеңиш парадын жылдыра турган болду

  • 4 года мурун

Россиянын Президенти Владимир Путин 16-апрелде Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата Кызыл аянтта Жеңиш парадын өткөрүүнү жылдыруу тууралуу жарыялады.

Бул тууралуу Владимир Путин Коопсуздук Кеңешинин жыйынында жарыялаганын РИА Новости билдирди.

Ошондой эле “Өлбөс полк” парады да кийинкиге жылдырылат.

Бул чара коронавирус пандемиясына байланыштуу кабыл алынат.

Бирок Россия Президенти датаны жылдыруу менен эч убакта Жеңиш майрамын 9-майда белгилөөнү жылдырууга болбой турганын билдирди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

17-апрелге карата дүйнөдө 2 158 033 киши коронавирус жуктурду. Россияда 27 938 киши инфекция жугузду.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты