Кыргызстан менен Түркия жарандарын эки тараптуу эвакуациялоо үчүн чартердик рейс уюштуруу талкууланды

  • 4 года мурун

16-апрелде Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу видеоконференция форматында сүйлөштү.

Эки өлкөнүн ТИМ жетекчилери актуалдуу коронавирус пандемиясы жана башка маселелер менен катар эки өлкөнүн жарандарын эки тараптуу эвакуациялоо үчүн чартердик рейстерди уюштуруу маселесин дагы талкуулашты.
Регулярдык авиакаттамдардын жандануусуна чейин өлкөдө болуунун же жашоо түрүнүн визалык мөөнөттөрү өтүп кеткен Кыргызстандын жарандарына карата айып санкциялары колдонулбасын деген түрк бийликтеринин чечими үчүн министр Айдарбеков маектешине ыраазычылык билдирди.

Ошону менен бирге, түрк тарабынын COVID-19 менен күрөшүүдө кыргыз тарабына көрсөткөн ар тараптуу жардамы үчүн Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы кесиптешине ыраазычылык билдирди.

Коронавируска байланыштуу чек аралар жабылып, чет мамлекеттерде келе албай жаткан кыргызстандыктар тууралуу 15-апрелде парламент жыйынында талкууланган.

Өкмөт азыркы тапта 6 миң кыргызстандык Мекенине алынып келгенин, дагы 4371 адам келе албай жатканын билдирди.

Коронавирус пандемисына байланыштуу чет өлкөлөрдө чектөөлөр болуп кыргызстандык жарандардын калганын алып келүүгө мүмкүн болбой жатканын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйынында маалымдаган.

Ал эми социалдык тармактарда Түркиядан кете албай жүргөн кыргызстандыктар Мекенге кайтуу үчүн жардам сурап бийликке кайрылуу жасап жатышат

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты