​Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 12 млн. 150 миң АКШ долларын бөлөт

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин 15-апрелиндеги жыйынында «2020-жылдын 7-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (COVID-19 боюнча шашылыш долбоор) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралды.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов аталган макулдашуунун алкагында Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы COVID-19 илдети менен күрөшүү үчүн Кыргызстандын саламаттык сактоо системасынын даярдыгын күчтөндүрүү максатында жеңилдетилген каражат бөлөрүн билдирди.

Жардамдын жалпы көлөмү 12 млн. 150 миң АКШ долларын түзүп, анын жарымы грант, жарымы 38 жылдык мөөнөткө 0.75% менен насыяга алынат.

Министрдин айтымында алынган каражат COVID-19 илдетине каршы ыкчам чара көрүү иштерине, медицина кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн керектүү каражаттарды алууга, транспорттук камсыздоого, санитардык-карантиндик постторду, лабораторияларды жаңылоого жумшалат.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Сүрөттө: Депутат Наталья Никитенко жана саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты