​Депутаттар тобу камактагыларга мунапыс берүүнү демилгеледи

  • 4 года мурун

15-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.

Демилгечилердин бири депутат Мирлан Бакиров белгилегендей, мыйзам долбоору Улуу Ата-Мекендик согуштун жана Элдик Апрель революциясынын каармандарынын урматына, курман болгондордун элесине таазим кылуу максатында белгилүү бир категориядагы адамдарды жазыктык жазадан бошотууга жана жазасынын өтөлө элек бөлүгүн кыскартууга багытталган.

Мыйзам долбоору менен төмөдөгү адамдарды жазык жазасынан бошотуу каралган:

— 60 жашка чыккан жана андан ашкан эркектерди, ошондой эле 55 жашка чыккан жана андан ашкан аялдарды;

— ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген I жана II топтогу майыптыгы бар адамдарды;

— жашы жете элек экиден кем эмес балдары же ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген I жана II топтогу майып балдары бар үй-бүлөдөгү жалгыз багуучу болуп саналган адамдарды;

— анча оор эмес кылмыштарды биринчи жолу жасаган адамдарды.

Ал эми жаза аткаруу мекемесинин өкүлү депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, азыркы тапта 9,5 миң эркиндигинен ажыратылган жарандын 237си биринчи берене боюнча мунапыс аларын маалымдады.

Талкуу соңунда мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты