​Депутат Момбеков: “Врачтарды куралы жок согушка айдагандай жибердиңер”

  • 4 года мурун

Депутат Рыскелди Момбеков бүгүнкү, 15-апрелдеги, Жогорку Кеңеш жыйынында медицина кызматкерлеринин коронавирус жугузганы боюнча өкмөттү сындап, Улуу Ата Мекендик согушта куралсыз согушка жиберген штраф батальонго салыштырды.

— Өкмөттүн шалаакылыгынан коронавирус менен күрөшө турган 98 врач бүгүн өмүрү менен күрөшүп калды.

Улуу Ата Мекендик согуш учурунда штраф батальон деген болгон, куралы жок согушка айдаган, “алар жок болгончо, октолуп алалы” деп.

Врачтарды да ошентип алдыга айдадыңар. Ар бирине 200 миң сом кенемте пул дейт, бул кенемте пул эмей эле, келеке пул да! Анан да комиссия түзөбүз деп жатасыңар. Токтоткула комиссияны. Бул силерге комиссия түзгүдөй “Дача-Су” эмес да.

Анан ыйлаган врачтарды кечирим суратып жатасыңар. Убакыт келет, баарыңар эл алдында кечирим сурайсыңар.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мындай деп жооп берди:

-Биз жоопкерчиликтен качпайбыз, жооп беребиз. Баарыбыздын кудай алдында жооп берүүгө убактыбыз бар. Эл менен чогуу коронавирусту жеңели. Өкмөт кырсыктарды каршы турууга колунан келген аракеттерди кылып жатат.

Эпидиликтөө боюнча айтайын, эпидемиологиялык иликтөө болот. Азыр күнөөлүүлөрдү издей турган убак эмес, коронавирус менен күрөшүп бүткөндөн кийин кээ бир учурда туура эмес, жалган маалымат бергендер жазасын алат, иштин жыйынтыгы менен тыянак чыгарабыз. Күнөөлүү эч жакка чыгып кетпейт, -деди Боронов.

15-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталып, жалпы саны 449 га жетти.

Коронавирус жугузган медицина кызматкерлеринин саны 15-апрелге карата 98 кө жетти.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты