​Жогорку Кеңеш өзгөчө абал боюнча чечимдерге макулдук берди

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңеш айрым аймактарда өзгөчө абал мөөнөтүн узартуу жана Нарын шаарында жана Ат-Башы райоунунда өзгөчө абал киргизүү боюнча Президенттин чечимине макулдук берди.

Бүгүн, 15-апрелде Президент Сооронбай Жээнбековдун 14-апрелдеги Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жана Президенттиин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө жарлыктарын бекитүү боюнча Жогорку Кеңеш токтому кабыл алынды.

Аталган жарлыктарда Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына киргизилген өзгөчө абалды 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартуу, ушул эле мөөнөткө Нарын шаарына жана Ат-Башы райондорундоруна өзгөчө абал киргизүү белгиленген.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты