Бишкекте коменданттык саатты эки саатка кыскартуу каралууда

  • 4 года мурун

Бишкек шаарында коменданттык саатты эки саатка, 21:00дөн 6:00гө чейин кыскартуу жагы каралып жатат.

Учурда коменданттык сааттын убактысы – 20:00дөн 7:00гө чейин.

Бул тууралуу Жогорку Кеңеш жыйынында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

15-апрелден тартып Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында 2020-жылдын 15-апрелинен саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 30-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: Бишкек комендатурасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты