​«Эркечтам» өткөрмө бекети жүк ташууга ачылды

  • 4 года мурун

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин эки өлкөнүн жүк ташуулары үчүн гана кайра калыбына келтирүү жөнүндө Кытай менен макулдашуу жетишилди.

”Торугарт” көзөмөл-өткөрүү жайынын маселеси аймактагы эпидемиялык абалдын андан ары өнүгүшүн эске алуу менен каралат.

Мында эки өлкөнүн жарандарына чек арадан өтүү чектөөлөрү сакталат.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө Кытайдын Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жылды белгилөө үчүн 24-январда жабылган.

Кыргыз өкмөтү коронавирус пандемиясына байланыштуу 2-февралда бул убакытты дагы узартып, Кытай менен болгон мамлеекеттик чек араны жапкан аба каттамдарын токтоткон.

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде Кытайдын лидери Си Цзиньпиң менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-кытай чек арасынан жүк ташууну жандандыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган

Сүрөт: Кыргыз-кытай чек арасы. Интернет булактарына.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты