​Саламаттык сактоо министрлиги эки кызматкер коронавирус жуктурганын маалымдады

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги эки кызматкер коронавирус жуктуруп алганын билдирди. Алардын бири – ыкчам штабга тартылган ведомство алдындагы саламаттык сактоо уюмунун кызматкери, экинчиси – күзөт кызматкери.

COVID-19 вирусу тастыкталгандан кийин, алар менен байланышта болгон министрликтин бардык кызматкерлеринен анализдер алынды – жыйынтыктары коронавирус жок экенин көрсөттү.

Ооруну жуктуруп алгандар обсервацияга алынып, тийиштүү түрдө дарыланууда.

Кыргызстанда 14-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталып, бардыгы 430 га жетти. Анын ичинен 79у — медицина кызматкери.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты