​Депутат Бекешев жардам алган үй-бүлөлөрдүн бирдиктүү тизмесин бекитүүнү сунуштады

  • 4 года мурун

Дастан Бекешев бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда билдирди.

“Азыркы оор кырдаал учурунда көпчүлүк колдон келишинче жардам сунууда. Анын ичинде муктаж үй-бүлөлөргө материалдык, гуманитардык жардам берилүүдө. Алардын катарында айрымдары эки же үч жолу жардам алып жатса, айрымдарына жетпей калууда. Андыктан, жардам алгандарды тактап, көрсөтүп турууну өкмөт колго алуусу керек” деди депутат.

Мындан тышкары эл өкүлү бир катар сунуштарды берди.

“Өкмөт учурдагы окуяларды ачык айткан дарыгерлерге кысым көрсөтүп, кечирим суратуунун ордуна коомдогу көйгөйдү ачыктап, чогуу чечиши керек”деп кошумчалады.

Ошондой эле депутат учурда иштебей, ижарага батирде жашагандардын абалына тынчсызданып, киреше булактарынын жоктугунан көпчүлүк үй-бүлөлөр ижара акысын төлөй албай жатканына токтолду.

Вице-премьер министр Кубатбек Боронов ижарага берген жеке жактар менен түшүндүрүү, сүйлөшүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Кыргызстанда 14-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталып, бардыгы 430 га жетти. Анын ичинен 79у — медицина кызматкери.

Бишкек жана Ош шаарларынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды.

Бүгүн, 14-апрелде, Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагында өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты