Депутат Турсунбеков өкмөт аткезчилерге жалдырап жатканын сындады

  • 4 года мурун

Социал -демократтар фракциясынан Жогорку Кеңеш депутаты ун боюнча өкмөттү аткезчилерге жалдырап жатасыңар деп сындады.

Мындай пикирин депутат Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 14-апрелдеги Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен ккук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отурумунда белгиледи.

“Угуп атабыз, дал ошол аткезчилерди чакырып алып, “ун алып келгиле, таратып жиберели” деп жатасыңар. Алар силер жалдырабасаңар деле алып келишет, анткени аткезчилик аларга керек. Казакстан унду чыгарбай жатканы үчүн гана унчукпай отурушат” деди.

Анын ырастоосунда, ундан даярдалган азыктар кымбаттоодо.

“Ун чыгаруучуларга өкмөт 30 пайыздан жогору бааны койбоо керек деген чектөө киргизгени менен өздөрү жогорулатып кымбат баада сатуудам. Учурда макарондун баасы 90 сомго жетти. Буга чейин аткезчилик жол менен ташып келгендерге уруксат берилип келген, анын кесепетинен карапайым эл менен ун чыгаруучу ата мекендик өндүрүшчүлөр жабыр тартууда”деди депутат.

Андыктан, эл өкүлү биргеликте убактылуу саясатты жүргүзбөй, ун чыгаруучулар менен чогуу акылдашып иш алып барууну сунуштады.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өзгөчө абал режими 15-апрелге чейин деп белгиленген, бирок аны узартуу жагы сунушталууда.

Сүрөт: gov. kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты