​Кайгуул кызматкерин сөгүп, кол көтөргөн кыз 15 суткага камалды

  • 4 года мурун

Бишкекте кайгуул кызматкерлеринин талабына баш ийбей, аларды сөгүп жана кол көтөргөн кыз №1 убактылуу камак жайына 15 суткага камалганын шаардык комендатура билдирди.

Бул окуя 11-апрелде болгону маалымдалат. Борбордо Юнусалиев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде кайгуул кызматкерлери беткап кийбей бараткан кызды токтоткон. Бирок ал кыз кызматкерлерди сөгүп, айткан талапты аткарбай, кайгуул кызматкерине кол көтөргөн.

Кыздын жоругу бейбаштык беренеси боюнча кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сот аны 15 суткага убактылуу камак жайына алуу чечимин чыгарган.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өзгөчө абал режими 15-апрелге чейин деп белгиленген. Бирок премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев акыркы жуктурган адамды аныктамайынча карантинди токтото албайбыз деп билдирген.

Сүрөт: Видео тасмадан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты