​Депутат Бекешев врачтарга кысым көрсөтүү боюнча ЖК токтом долбоорун даярдады

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев врачтарга кысым көрсөтүүнү токтотуу боюнча Жогорку Кеңеш токтомунун долбоорун даярдады. Токтом долбоорун ЖК тийиштүү комитетине жөнөткөнүн билдирди.

Эртең, 14-апрелде, саат 10:00дө Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин биргелешкен отуруму өтөрүн ЖК басма сөз кызматы маалымдады.

Үй-бүлөлүк дарыгер Бектур «Твиттерде» ага жетекчилик тарабынан берилген сапатсыз беткаптын сүрөтүн жарыялаган. Көп өтпөй анын «Твиттер» аккаунту өчүрүлүп, 12-апрелде Бектурдун «жалган айтып койгом» деген видео кайрылуусу тарады.

Андан соң соцтармактарда «Бектур өзүн жалганчы кылып көрсөтүүгө аргасыз болду” деген пикир басымдуулук кылууда. #БекТур деген хэштег пайда болду.

Өткөн сутка ичинде, 13-апрелге карата COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктурган. COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 га жетти.

13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталып, жалпы саны 419 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты