​Кыргызстанда коронавирустун жаңы 42 учуру катталды. Бардыгы 419 болду (Видеографика)

13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды.

Алардын ичинен:

Бишкекте – 10;

Чүй облусунда – 6;

Ош облусунда – 9;

Ош шаарында – 5;

Жалал-Абад облусунда – 2;

Нарын облусунда – 9;

Баткен облусунда – 1.

Бардыгы 419 болду.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Өкмөт Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык, 22-марттан баштап өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өзгөчө абал режими 15-апрелге чейин деп белгиленген. Бирок кечээ күнү КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев акыркы жуктурган адамды аныктамайынча карантинди токтото албайбыз деп билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты