​Коронавирус жуктургандар АКШда арбын болууда

  • 4 года мурун

12-апрелге карата (жергиликтүү саат 14: 50 -ред.) дүйнөдө 1 721 127 киши коронавируска чалдыкты. Дүйнөдө коронавирустан 108 994 киши каза тапты, 2 688 766 киши айыкты.

Бул тууралуу маалыматтар онлайн-картада көрсөтүлгөн.

Коронавируска чалдыккандардын саны боюнча Америка Кошмо Штаттары алдыга чыкты. Ал жакта 530 006 киши вирус жуктурду. Экинчи орунда Испания турат- 163 027, Италия-152 271, Франция- 130 730, Германия 125 452 учур.

Ошондой эле Россияда-15 770, Казакстанда 897, Өзбекстанда- 796 Кыргызстанда 377 болду.

Коронавирустан 108 994 киши каза тапты. Италияда 19 468 киши каза тапты, Испанияда -16 606, Францияда 13 832, Улуу Британияда-9875, Америкада, Нью-Йоркто-6367 киши каза тапты,

Дүйнө жүзү боюнча айыккандардын саны -2 688 766.

12-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды. Коронавирус жуктургандардын жалпы саны 377 ге жетти. Айыккандардын саны 54, бешөө каза тапты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты