​Өзгөчө абал: Бишкекте жасалма өткөрмө кагазын берүү боюнча 45 кылмыш иши козголду

  • 4 года мурун

Бишкек шаарында өзгөчө абал учурунда жасалма өткөрмө кагазын берүү боюнча 45 кылмыш иши козголду

Өткөн сутка ичинде, 11-апрелге карата Бишкекте коменданттык сааттын талаптарын 57 жаран бузду.

Бул тууралуу борбор шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Бишкекте өзгөчө абал киргенден бери коменданттык сааттын талаптарын 1665 жаран бузган.

Жасалма өткөрмө кагаздары боюнча 45 кылмыш иши козголду.

«Бул маселе биздин тыкыр көзөмөлүбүздө турат» деп кошумчалады Алмазбек Орозалиев.

11-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 41 жаӊы учуру катталып,бардыгы 339 болду. Ушул учурга чейин44 бейтап айыгып чыкты.

Сүрөт: Бишкек комендатурасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты