​Түркиядан кете албай жаткан жарандарга айып санкциясы колдонулбайт

  • 4 года мурун

Түркия COVID-2019 коронавирус пандемиясынан улам виза аркылуу ал мамлекеттен чыгып кете албай же жашап турууга уруксатын узарта албай калган чет элдик жарандарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына карата айып санкцияларын колдонбойт.

Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулдугу маалымдады.

Мындай чаралар Түркияда коронавирус кырдаалы жөнгө салынганча жана үзгүлтүксүз каттам калыбына келгенче күчүндө болору айтылды.

Буга чейин коронавирус пандемиясына байланыштуу чет өлкөлөрдө чектөөлөр болуп кыргызстандык жарандардын калганын алып келүүгө мүмкүн болбой жатканын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирген.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн 42 өлкөсүндө, анын ичинде Европа, Азия жана Түндүк Америка өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандары бар.

Түркияда 10-апрелге карата 42 282 киши Coviid-19 вирусуна чалдыккан.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты