​Пакистанда кыргызстандык каза тапты

  • 4 года мурун

Пакистанда У.А. аттуу 1947-жылы туулган кыргызстандык жаран жүрөк оорусунан каза тапты. Ал COVID-19 инфекциясына да чалдыкканы аныкталган.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылышына каршы туруу республикалык штабы кабарлады.

Көз жумган жарандын экинчи тестинин жыйынтыгы күтүлүп жаткан, ал карантиндик зонада болчу. Улгайган курагынан улам анда башка тубаса илдеттери да өрчүп кеткен.

Маркумдун туугандарынын макулдугу менен анын сөөгү Пакистанга коюлду.

Жалпысынан Пакистанда коронавирус инфекциясына чалдыккан Кыргызстандын 7 жараны бар. Бирөө каза болуп, алтоо обсервацияда калууда.

Пакистанда 10-апрелдеги маалымат боюнча коронавируска чалдыккан 4601 учур катталган

Иллюстрациялык сүрөт: Пакистандын көчөсүндө: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты