​Ниязалиев: “Чет өлкөдө калган жарандарды алып келүүгө мүмкүн болбой жатат”

  • 4 года мурун

Коронавирус пандемисына байланыштуу чет өлкөлөрдө чектөөлөр болуп кыргызстандык жарандардын калганын алып келүүгө мүмкүн болбой жатканын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйынында билдирди.

“Буга чейин коронавирустун жайылуу коркунучун эске алып, тышкы иштер министрлиги чет өлкөлөргө чыгуудан кармануу сунуштары менен чыккан. Тилекке каршы, ага карабастан бир топ мекендешибиз сыртка чыгып кеткен.

Албетте, мекендештерибиздин арасында чет өлкөдө иштеп, окуп, дарыланып жаткандар бар. Буга байланыштуу, белгилей кетсем, учурда көптөгөн өлкөлөрдө компетенттүү органдардын убактылуу чектөөлөрү иштеп жатат, мындан улам туруктуу жана чартердик авиакаттамдарды уюштуруу азыркы учурда мүмкүн эмес” деп билдирди КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев.

Анын айтымында, аэропорттордо турган жана чек ара транзиттик чөлкөмдөрүндө мекенге келе албай жаткан жарандарга элчиликтер, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар тарабынан кеңештер жана практикалык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Кийинки кезде чартердик каттамдар менен кыргызстандык 2719 жараны чет өлкөлөрдөн алынып келген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: gov. kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты