​Чет өлкөдөгү 23 кыргызстандык коронавирус жугузган

  • 4 года мурун

Чет өлкөдө жүргөн 23 кыргызстандык COVID-19 вирусун жуктуруп алган.

Алардын ичинен Бириккен Араб Эмираттарында- үчөө, Пакистанда-жетөө, Малайзияда – төртөө, Индияда – бирөө жана Испанияда – бирөө ж.б..

«Соңку мезгил ичинде Кыргыз Республикасынын 2719 жараны Кыргызстанга Россия, Болгария, Вьетнам, Египет, БАЭ, Индия, Малайзия, Таиланд, Шри-Ланка, Түштүк Корея жана башка өлкөлөрдөн алынып келинди. Бул үчүн чартердик каттамдар уюштурулган», — деп билдирди КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев.

Алардын ичинен: Россиядан – 1531, БАЭден – 326, Түркиядан – 197, Сауд Аравиясынан – 285, Индиядан – 176, Египеттен – 131,Таиланддан – 52,Германиядан – 5, калгандары башка өлкөлөрдөн кайтарылды.

Анын айтмында, бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнүн 42 өлкөсүндө, анын ичинде Европа, Азия жана Түндүк Америка өлкөлөрүндө Кыргызстандын жарандары бар.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктурган жаӊы 10 учур катталды. Жалпысынан 280 болду.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты