Кытай өкмөтүнөн COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү үчүн гуманитардык жүк келди

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигинде Кытайдан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн алынып келинген гуманитардык жүктү өткөрүп берүү аземи болуп өттү.

Иш-чара вице-премьер-министр Аида Исмаилованын, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун, Кытай элчиси Ду Дэвэндин катышуусунда өттү.

Вице-премьер министр Аида Исмаилова өкмөт атынан Кытай өкмөтүнө көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Жеке коргонуу каражаттары медициналык кызматкерлерге жана алгачкы медициналык-санитардык көмөк көрсөтүүчү жактарга бардык чакырыктарга ыкчам, коопсуз түрдө жооп кайтарууга жана коронавирустун жайылышына каршы турууга мүмкүндүк берет. Жеке коргонуу каражаттары медициналык мекемелерге жана чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттарына жөнөтүлөт» деп белгиледи ал.

Кыргыз Республикасына берилген гуманитардык жардамдарга төмөнкүлөр кирет: медициналык кызматкерлер үчүн жалпы суммасы 640 000 кытай юаны же болжол менен 7 млн 690 миң сом эсептелген ПЧР-диагностикалоонун реагенттери, жеке коргонуу каражаттары (бир жолку комбинезондор, термометрлер, медициналык көз айнектер, кол каптар жана бахилалар).

Мындан мурда Кыргыз Республикасына COVID-19 дартын аныктоочу

21 миң даана экспресс-тесттер берилген.

9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктурган жаӊы 10 учур катталды. Жалпысынан 280 болду.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты