Мирлан Атакулов: ​Дарт очокторунда иштеген медкызматкерлерге компенсация бериле баштады

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги 8-апрелде COVID-19 жуктуруу очокторунда иштеп жаткан медкызматкерлерге март айынын компенсациялык төлөмдөрүн бере баштаганын кабарлады.

Төлөмдөр эки категорияга бөлүнгөн:

1) карантиндик-казармалык абалдагы кызматкерлер үчүн;

2) күндүзгү нөөмөт графиги менен иштеп жаткан кызматкерлер үчүн.

Компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмү:

— дарыгерлер үчүн 46 миӊ сомго чейин;

— орто медперсонал үчүн 41 миӊ сомго чейин;

— кенже тейлөөчү персонал үчүн 38 миӊ сомго чейин;

— нөөмөт графиги боюнча иштегендерге 29 миӊ сомго чейин.

“Төлөмдөрдүн өлчөмү медкызматкердин категориясынан жана жуктуруу очокторунда жүргөндүгүнөн көз каранды” деп белгиледи саламаттык сактоо министрлигинин финансы башкармалынын башчысы Мирлан Атакулов.

9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктурган жаӊы 10 учур катталса, анын экөө дарыгерлер болду. Короавируска кабылган жалаы 280 кишинин 34ү медициналык кызиматкерлер.

Сүрөт: Ресупбликалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты