​Кээ бир аймактарда үшүк жүрөт

  • 4 года мурун

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаашы, 9-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланышы, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголокболот. Батыштансокконшамалдынылдамдыгысекундасына 4-9 метрден, кээбиррайондордо 17-22 метрге жетиш икүтүлөт. Абанын температурасы кескинтөмөндөйт.

9-10-апрелде:

Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде -1…-3° үшүк;

Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк;

10-11-апрелде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн гүлдөгөн жана гүлдөп гүлү түшкөн бүчүрлөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторуна коркунуч алып келет.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты