Боронов чет мамлекеттеги жарандардан эпидемиянын курч мезгили өткүчө күтө турууну өтүндү

  • 4 года мурун

Биринчи вице-премьер-министр чет мамлекеттердеги кыргыз жарандарынан эпидемиянын курч фазасы аяктагыча келбей кое турууну өтүндү.

«Сырттагы жарандар боюнча кабарыбыз бар. Саны да бар. Мисалы, Түркияда, Дубайда, Орусияда биздин жарандар келебиз дегендер бар. Элчиликтер иштеп жатат. Бирок, өзүңөр жакшы билесиздер, бардык мамлекеттер сырттагы жарандарын коронавирустун активдүү фазасы бүткөнчө чыкпай, күтүп туруш керек деп кеңеш берип жатат. Биз да ошондой кеңеш беребиз. Бирок кайсы бир жараныбыз келем десе, алып келүүгө сөзсүз аракет кылабыз» деп айттты Боронов.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдөгү жарандар чартердик рейстер менен алып келинүүдө. 29-мартта 401 кыргыз жараны Москвадан алып келинген. 20-марттан тартып жалпысынан 4769 жаран алынып келинген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

8-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Жалпы саны 270 болду.

Сүрөт:gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты