​Ишканаларды карантинден чыгаруу боюнча этаптар жазылган документ чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде “Кыргызстандагы ишкерлик менен алектенген объектилерди кезеги менен ачуунун күн тартиби экен” деп бир документ тарап жатат. Ал документке ылайык, ишканалар 13-апрелден тарта этап-этабы менен ачылышы керек экен. ПолитКлиника бул документтин чындыгын текшерип көрдү.

WhatsApp’тан тараган документ

Бул документ Казакстанда дагы тарап, ал жакта муну фейк деп аташты.

NewTimes.kz маалыматтык агенттигинин макаласында, “Алматы, Нур-Султан шаарларынын акиматтары бул маалыматты четке кагышты. Штаб мындай документ даярдаган жок, мамлекеттик комиссия бизге мындай документ берген жок” деп айтылат.

Бул документтин ичинде зоопарктар деген дагы катар бар. Кыргызстанда бир гана зоопарк бар, ал Каракол шаарында жайгашкан. Ошондуктан, документтин Кыргызстанга тиешеси жок деп айтсак болот.

Ушундай эле пикирди бизге Covid-19га каршы Республикалык штабдын маалымат кызматынан билдиришти.

“Комендатурадан мындай маалымат берилбептир, башка министерликтерден дагы мындай тапшырма түшкөн эмес. Демек, бул документтин Кыргызстанга тиешеси жок”, — деп билдиришти республикалык штабдан.

Кайсы өлкөлөр карантинди жумшартууну карап жатышат?

Украинын ММКлары ал жактын өкмөтү карантинди жумшартууну пландап жатканын жазып жатышат. Украинада 24-апрелге чейин карантин жарыялаган. Карантинден этаптуу чыгуу 14-апрелден баштап 400 чарчы метр аянты бар чакан дүкөндөр, ошондой эле аянтына карабастан, бардык курулуш жана бакча комплекстери ачылат. 1-майда башка дүкөндөр, соода борборлору жана чач тарачтар ачылат.

Австриянын канцлери Себастьян Курц чектөө чараларын жумшартуу жөнүндө жарыялады. Анын айтымында, 14-апрелден баштап, аянты 400 чарчы метрге чейинки чакан дүкөндөр, ошондой эле курулуш жана бакча буюмдарын саткан адистештирилген соода ишканалары иштей баштайт.

Жыйынтык: Бул документ чындыкка дал келбейт.

Политклиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты