​»Азаттык», Кloop жана OCCRP иликтөөсү эл аралык сыйлык жеңип алды

  • 4 года мурун

«Азаттык» (RFE/RL), OCCRP жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн “Бажыдагы миллиондор : карактоо жана калкалоо” аттуу журналисттик иликтөө эл аралык Том Реннер атындагы сыйлыкты жеңди.

Бул тууралуу “Азаттык” билдирди.

2019-жылы 21-ноябрда жана 4-декабрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген иликтөө жарыяланган.

Аталган журналисттик иликтөө бир үй-бүлөгө таандык жүк ташуучу компаниянын Борбор Азиядагы көмүскө ишмердиги, кыргыз аткаминерлери менен байланышы, теги күмөндүү 100 миллиондогон долларды Кыргызстан аркылуу адалдап кеткени тууралуу.

Том Реннер сыйлыгы кылмыштуулуктун жана уюшма кылмыштуулуктун бетин ачкан журналисттик материал үчүн эл аралык «Иликтөөчү кабарчылар жана редакторлор» (IRE) уюму тарабынан ыйгарылып келет.

Маалыматка караганда, жеңүүчүлөрдүн катарында «Вашингтон пост» гезитинин Ооганстандагы согуш тарыхы жөнүндө, «Нью-Йорк таймс» гезитинин Сирияда бомбаланган ооруканалар тууралуу, HBO телеканалынын спорттук иликтөөсү жана башка редакциялар бар.

Жалпысынан 17 категорияга дүйнөнүн ар тарабынан 450дөн ашуун материал ат салышты.

Сүрөт коллажы: «Азаттык»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты