Министр маалыматын тактады: Жалал- Абад жугуштуу ооруканасы эмес, Оштогу балдар жугуштуу ооруканасы жабылат

  • 4 года мурун

Жалал- Абад жугуштуу ооруканасы эмес, Оштогу балдар жугуштуу ооруканасы жабылат.

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 8-апрелдеги маалымат жыйынында суроолорго жооп берип жатып, Жалал-Абаддагы шаардык жугуштуу дарт ооруканасы дезинфекциялоо үчүн убактылуу жабыла турганын, андагы дарыгерлердин баары коронавируска чалдыгып калганын билдирген.

Тастыкталган маалымат боюнча Жалал-Абаддагы шаардык жугуштуу ооруканасы эмес, Ош шаарындагы балдар инфекциялык ооруканасы дезинфекциялоочу иш-чараларды жүргүзүү үчүн убактылуу жабылат

Мындай чара оорукананын медицина кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясынын катталышына байланыштуу кабыл алынды.

Соматикалык жана инфекциялык оорулары менен жаткан бейтаптар Ош облустар аралык клиникалык балдар ооруканасына жиберилет. Андан тышкары, Кара-Суу балдар ооруканасынын профили инфекциялык стационарга кайра алмаштырылат.

КР Саламаттык сактоо министрлиги медицина кызматкерлеринин оору жуктуруу фактысы боюнча кызматтык изилдөө жүргүзүлөт.

Коронавирустун алдын алуу жана жайылышына каршы күрөшүү республикалык штабынын 8-апрелдеги маалыматы боюнча, Кыргызстанда 32 медицина кызматкери коронавирус жуктурган:

Анын ичинен:

Ош облусунда – 20;

Жалал-Абад облусунда – 7;

Бишкекте-4;

Баткен облусунда – 1.

Сүрөт gov.kg

8-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Жаӊы катталган 42 учурдун ичинен — 13ү медицина кызматкерлери.

Жалпы саны 270 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты