​Ош шаарында турак үй күйүп кетти

  • 4 года мурун

7-апрель күнү 19:30 чамасында Ош шаарынын Репин көчөсүндө жайгашкан №22 турак үйдөн өрт чыккан.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 250 чарчы метр болгон түрак үй толугу менен күйгөн.

Жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Өрт саат 20:20да чектөөгө алынып, саат 00:56да толук өчүрүлгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Сүрөт: ӨКМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты