Дарт жугузганын жашырган жаранга кылмыш иши козголот

  • 4 года мурун

Бир жаран илдетти жугузуп алуу беренеси боюнча кармалды. Аны текшерүүгө алганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Бул тууралуу Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов маалымат жыйынында билдирди.

Тилекке каршы, бейтап ооруганын жашырып, эч кимге айтпастан тууган-урук, теңтуштары жана кесиптештери менен байланышып жана аларга жуктурган.

Ал жаран обсервациядагы изоляторго алынды. Жакшы болуп чыгаары менен 5 жылга чейин камакка алынат, — деп билдирди Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов.

Бүгүн, 7-апрелде, Кыргызстанда коронавирустун жаңы 12 учуру катталды. Алардын баары Ош облусунда обсервацияда жаткандар. Дарт жугузгандардын жалпы саны 228 болду. 23 киши айыкты, төрт киши каза тапты.

Бүгүнкү күнү дарт жугузуп алгандардын көбү Ош облусунда катталган, жалы саны 106 га жетти.

Сүрөт: республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты