​Кыргызстанда коронавирустун жаңы 12 учуру катталды. Бардыгы 228 болду (Видеографика)

Бүгүн, 7-апрелде, Кыргызстанда коронавирустун жаңы 12 учуру катталды. Дарт жугузгандардын бардыгы 228 болду. Алардын баары Ош облусунда обсервацияда жаткандар.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов маалымат жыйынында билдирди.

Оору жугузгандардын жетөө — медициналык кызматкер.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара — Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты