​Жээнбеков: «Апрель революциясынын идеяларын турмушка ашыруу — дайыма күн тартибинде турган милдет»

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кайрылуу жолдоду.

Кайрылууда мындай деп айтылат:

«Кыргызстандын соңку тарыхындагы бурулуш мезгилдин башаты болгон бул окуянын саясий жана тарыхый мааниси чоң.

Жыл өткөн сайын бул элдик революциянын баасы, калтырган сабагы даана билинип жатат.

Адилетсиз бийликке каршы туруп, атылган октон жалтанбаган каармандарыбыз өз өмүрлөрүн Кыргызстандын келечегине арнашты.

Бул күн — биз үчүн ыйык.

Шейит кеткендердин умтулган тилектери — алардын бизге калтырган осуяты.

Элибиздин азаттык сезимин, эркиндик духун көрсөткөн күн — 7-апрель — жыл сайын салтанаттуу белгилене турган дата.

Элдик революциянын 10 жылдыгына арнап, атайын жарлыкка кол коюп, бир нече иш-чараларды белгиледик.

Алардын катарында Апрель жана Аксы окуяларында шейит кеткен баатырларыбыздын элесин түбөлүккө калтыруу максатында — „Таазим“ эскерүү музейи курулду.

Адамзатты каптап келген илдеттин кесепетинен улам, жалпы элдик иш-чаралар өткөрүлбөй калды.

Апрель революциясынын идеяларын турмушка ашыруу — дайыма күн тартибинде турган милдет.

Биз бул окуялардан терең сабак алып, элдин эркине каршы келген чечимдерге эч качан жол бербейбиз.

Апрель революциясы мамлекетибиздин башкаруу системасын өзгөртүүгө түрткү болду.

Парламенттик демократияны орнотуу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалды.

Бул иш-аракеттерди мындан ары да бекемдейбиз.

Сөз эркиндигинин мааниси артты. Жарандык коомдун мамлекеттик турмуштагы ролу жогорулады.

Бирок, тилекке каршы, революциянын максаттары, талаптары ишке толук ашпай калган.

Аларды азыр жүрүп жаткан реформалардын артыкчылыктуу багыттары катары аныктап, турмушка ашырууну көздөп жатабыз.

Бүткүл дүйнө кыйын кезеңди баштан кечирип жаткан мезгилде, сиздерге дагы бир жолу кайрылам» деп айтылат кайрылууда.

Андан ары Президент мамлекеттик бийлик, жалпы коом, ар бир мекендешибиз чоң сыноого туш болгонун белгилеп, коронвирустан сактанууга чакырды.

2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда элдик революция болуп, бийлик алмашып, башкаруу системасы алмашкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты