​Коронавирус пандемиясынын фонундагы фейктер: Борбордук Азиянын эли эмнеге ишенет?

COVID-19 өпкөнүн сезгенүүсүн чакыра турган SARSCoV2 коронавирусу, көптөгөн фейктерди, тагыраак айтканда, элди атайын адаштырган маалыматтарды пайда кылды. Жалпы эл ызы-чууга алдырып турганда бул дагы чоң сокку болуп жатат.

Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталына жарыяланган.

Мындай маалыматтар кайсы бир белги боюнча дискриминацияны, ишенбөөчүлүктү пайда кылат, же тескерисинче, паниканы жаратат.

Мына ошондуктан азыркы тапта бир канча фактчекингдик редакция терге түшүп иштеп жаткан чагы. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы жалган маалымат тараткандарга мыйзамда жоопкерчилик каралган.

Павел Банников. Photo: adebiportal.kz

Коронавирус тууралуу фейктердин саны абдан көп. Factcheck.kz сайтынын башкы редактору Павел Банниковдун айтымында, 40 фактчекингдик редакция курамына кирген The International Fact-Checking Networkэл аралык тобу эки айдын ичинде 1300 фейк жаңылыктарын табышкан.

“Булар дагы ММКларга чыгып калып, социалдык тармактарда активдүү тараган виралдык гана материалдар (вирустук, популярдуу – ред.). Дагы канча материал байкалбай калды деп чочулайм 1300 материалдын ар бири минимум эки-үч өлкөгө тараган. Бул өтө эле кеңири аймакты камтыганын түшүндүрөт”, — дейт Банников.

Фейктердин чагылгандай тездик менен тараганын өмүр, өлүм, балдардын коопсуздугу, дин темалары бардык адамдарды тынчсыздандырары менен түшүндүрүлөрүн айтат эксперттер.Андан сырткары, фейктердин таралышы маданий чөйрөдөн дагы көз каранды. Мисалы, АКШ, Германия, Улуу Британияда “коронавирус – 5G аркылуу бериле турган электронный вирус” деген фейк популярдуу. Борбордук Азия өлкөлөрүндө башка версиялары бар.

Банниковдун айтымында, кытайлыктар массалык түрдө исламды кабыл алып жатат деген диний мүнөздөгү фейктер кеңири тараган. Жакында эле италиялыктар исламды кабыл алды деген фейк жүрдү.

Фактчекер үч айдагы издөө системаларын анализдеп көргөн. Google жана Яндекстин жыйынтыктары боюнча “Кытай коронавирустан 20 млрд доллар пайда тапты – акциялардын баары арзандап кетип, массалык түрдө аларды Кытай сатып алып жатат” деген фейк биринчи орунда турат.

Бул фейк мурда Орусия Крымды аннексиялап алган учурда пайда болгон болчу, ал жакта дагы Кытай менен Орусия башкы каармандар эле.

Өзбекстандык Anhor.uz жаңылык порталынын башкы редактору Лола Исламова дагы фейк маалыматтарынын толкуну тууралуу айтып берди.

Лола Исламова. Facebook’тагы жеке баракчасынан алынды

“Адегенде Кытай мусулмандарга кысым көрсөткөнү үчүн аларды Кудай жазалап жатат деген фейк болду. Кийин дарылоо ыкмалары тууралуу фейктер тарады. Көчөгө бир нерсе чачканынан улам көгүчкөндөр өлдү деген маалымат тарады, бизде эч нерсе чачылган эмес болчу, кийин ал окуя Алматада экени билинди”, — дейт Исламова.

Google Trends инструменттеринин жардамы менен “Италия исламды кабыл алып жатат” деп издегендердин көбү Кыргызстандан болгонун, ал эми “20 миллион кытайлыктар ислам динин кабыл алды” деген фейкти Казакстандан көп издешкенин билдик.

Фейктер кайдан жаралат?

Коронавирус тууралуу Борбордук Азияда көп тараган фейктер төмөнкүлөр:

  • «Коронавирусту бийлик атайын ойлоп тапкан».
  • «Бишкекте коронавирустан улам адамдар көчөдө кулап атат”.
  • «Кыргызстанда интернетти өчүрөт экен».
  • «Бишкектеги «Мадина» базарынан кытайларды кууп, товарларын тартып алып жатышыптыр”.
  • «Ар бир 15 минута сайын суу ичип турсаң COVID-19 жукпайт экен”.
  • «Кокаин, баланын сийдиги жана сарымсак коронавирустан коргойт”
  • “Курандын ичинен чач таап алып, аны сууга кошуп ичип алсаң коронавирустан сактанасың”.
  • «Нур-Султанга 85 миллион гүлдү вирус жуктуруп контрабанда менен алып келишиптир”.
  • «Казакстандык жаран коронавирустун айынан өзүн өлтүрүп коюптур”.
  • “Вертолеттор менен дезинфекциялык каражаттарды чачат экен”.
  • «Агартуучу каражат менен уйдун сийдиги коронавирустан сактайт”.
  • «Коронавирус мусулмандарга жукпай атканынан улам кытайлыктар массалык түрдө ислам динин кабыл алып жатат”.
  • “Кытай бийлиги коронавирус жуктургандарды өлтүрүп таштап жатат”
  • “Кордайда коронавирус жуктуруп алабыз деп коркуп кытай ресторандарын өрттөп салышыптыр”.
  • “Коронавирус жуктурган кытайлыктар Орусияга Казакстан аркылуу кетип жатат”.

Ушул фейктердин ар бири түрүн өзгөртүп, бир канча өлкөлөрдү кыдырып чыкты. Мисалы, вертолеттор менен дезинфекция жасайт экен деген фейк Казакстанда, Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда кеңири тарады. Фейк маалыматында шаардын аты дагы, мамлекеттин аты дагы аталган эмес, бирок бул орус тилдүү канчалаган адамдардын үрөйүн учурганга жетишти.

Джамшед Маруфов. Facebook’тагы жеке баракчасынан алынды

“Фейктер негизинен бизге Украинадан, Орусиядан, Казакстандан келип, биздин атмосферага ыңгайлашат. Фейктер мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу тарайт. Аны менен катар эле маалыматтарды такыр текшербеген ММКлар бар”, — дейт FactCheck.tj тажик порталынын редактору Джамшед Маруфов.

Лола Исламованын айтымында, элдин сын көз карашынын деңгээли төмөн болгон үчүн фейктер популярдуу болуп жатат. Эл паникага алдырып эле дароо таратып жиберип жатат. Негизинен маалымат Telegram аркылуу тарап жатат. Ал жактан таратууга акча кетпегенине байланыштуу”, — дейт Лола Исламова.

Photo: factcheck.tj

Эксперттердин айтымында, түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаал айрымдарга өз кызыкчылыктарын жүргүзгөнгө жакшы шарт түзүп берди. Кытайды жакшы көрбөгөндөр улуттар аралык кастыктыкозуткан маалыматтарды активдүу түрдө тарата баштады. Бул аябай бат популярдуу болду, анткени, Борбордук Азия өлкөлөрүндө синофобиялык маанай күчтүү.

Бурмаланган маалыматтарды дайыма эле коомго зыян келтирейин деп атайын тарата беришпейт. Мисалы, 26-мартта Казакстанда бир киши көчөнү дезинфекция кылып жаткан адамдарды көрүп эле, паника кылып, туугандарына коронавирус жуктурган адам табылыптыр деген маалыматты таратып жиберген. Туугандары өзүнүн тааныштарына жөнөтүшкөн. Ошентип бул маалымат укук коргоо органдарына жеткен.

“Тилекке каршы, эл бийликке дагы, ММКларга дагы көп ишене бербегендиктен, башка жеке каналдары аркылуу келген бардык маалыматтарга ишене беришет, бул каналдар биринчи кезекте мессенджерлер. Биз аларды көрбөйбүз жана канчага тарап жатканын аягына чейин көрбөйбүз”, — дейт Павел Банников.

Көбүнчө ММКлар дагы элди адаштырат. Буга Казакстандан анык бир мисал – Tengrinews жаңылык порталы “Жаңы өлүмгө алып келген оору. Кытайда хантавирустун биринчи учуру катталды” деген тема менен жаңылык жарыялаган.

Хантавирустар илимде 1950-жылдардан баштап белгилүү жана 1980-жылдары эле сүрөттөлүп айтылган – бул жаңы вирус эмес. Ооба, алар коркунучтуу, бирок алар эпидемиологиялык коркунуч жаратпайт, анткени, кемирүүчүлөрдүн экскременттери аркылуу гана тараган өзгөчөлүгү бар.Социалдык тармактардагы жана ММКлардагы маалыматтар паникага жем ташташат жана маалыматтарды толук беришпейт деп кийинчерээк фактчеккерлер жазып чыгышты.

Чагымчыл темасынын айынан бул жаңылык бат эле популярдуу болуп кетти. Бир сутканын ичинде бул жаңылыкты окугандардын саны 400 миңден ашты. Аны Борбордук Азияда гана эмес, Орусияда дагы бөлүшүп жатышты.

Дезинформация менен күрөш

Элди ызы-чууга түшүрө турган материалдарды даярдоо жана сактоого Өзбекстанда 9 миң долларга чейин айып салынат же 3 жылга эркинен ажыратылат. Мындай маалыматтарды ММК жана интернет аркылуу таратуучулар 8 жылга чейин эркинен ажыратылат.

“Азыр элдин баары тилин көзөмөлдөп калды, себеби, укук коргоо органдары буга абдан жакшы көңүл буруп жатат. Жалган маалымат таратканы үчун жоопкерчилик киргизилди”, — дейт Лола Исламова.

Анын айтымында, өкмөт фейктер тарабасын десе анда маалымат берип турушу керек. Азыр бул процесс Өзбекстанда жакшы иштеп жатат. Бийлик дароо жооп берип жатат, акимиат түнкү 12де болсо дагы чалып “Көңүл бургула, азыр маалымат болот” деп айтып турат.

Казакстанда Өзгөчө кырдаалдар киргизилгенин эске алганда, жалган маалымат таратканы үчүн чектөө же 3 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Фейк маалыматтарын тараткандарга Кыргызстанда дагы кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мисал үчүн, 25-мартта Кыргызстандын социалдык тармактар сегментинде коронавируска жаңылыш диагноз койгондор тууралуу чагымчыл пост жазган киши кармалган.

Бирок 24.kg жазганына караганда, укук коргоо органдары чагымчыл ушактарды тараткандыгы үчүн жарандарды кылмыш жоопкерчилигине тарта албай турганын юристтер айтышууда. “Адилет” укук клиникасынын анализине ылайык, мыйзамдарда фейктерди тараткандарга кандайдыр бир жоопкерчиликти каралган эмес.

Тажикстанда картина башкачарак, анткени, ал жакта карантин киргизиле элек.

“Азырынча калп маалымат тараткандарга бизде жоопкерчилик киргизилген жок, анткени, Казакстандагыдай карантин бизде жок. Эгер жалпысынан ала турган болсок, мыйзамдарда жалган маалымат тараткандарга жоопкерчилик каралган. Бирок Тажикстан бийлиги канчалык деңгээлде фейк жаңылыктар менен күрөшүүгө даяр – бул башка маселе”, — дейт Джамшед Маруфов.

Казакстанда расмий маалыматтарды берип туруу үчүн coronavirus2020.kz сайты ишке кирген – бул жерде негизинен статистикалык маалыматтар жарыяланат.

“Маалыматтык суроолорго бат жооп берген оперативдүү штаб түзүлгөн. Ага мен дагы тартылгам, биз түшкөн суроолорго Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Маалымат жана коомдук пикир министрлиги мүмкүн болушунча дароо жооп берип, түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз. Бул жакшы. Анык фейктерди дароо жок кылганга аракет кылып жатышат”, — дейт Павел Банников.

Эксперттердин айтымында, күндөн күнгө фейктердин саны өсүп жатат. Бийликтин, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жана фактчекерлердин аракетине карабай, элдин көбү эч кимге ишенбейт, мессенджерлерден такталбаган маалыматтарды жиберген тааныштарына ишенишет.

Мисалы, 25-мартта мессенджерлерде Нур-Султандан N шаарына коронавирус жуктуруп алган адамды поезд менен жиберишиптир деген фейк пайда болду. Бул маалыматка дароо ишенип алган адам Казакстанда поезддер жүрбөй токтоп турганын унутуп калды.

Хадиша Акаева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты