​Москвада өрттөн каза тапкан кыргызстандык ал жакка жерге берилет

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москвада курулуштагы өрттөн каза тапкан кыргызстандыктын тек-жайы такталганын жана учурдагы коронавирус шартына байланыштуу сөөгү ал жакта коюларын маалымдады.

Элчиликтин айтымында, окуя 4-апрелден 5-апрелге караган түнү Москва шаарынын Троицк жана Новомосква административдик округунда болгон. Жумушчулар жаткан жайдагы мештен чыккан өрт исинен улам кыргызстандык жаран каза тапкан.

Коронавирус пандемиясы шартында Кыргызстан менен Россиянын ортосунда аба каттамы убактылуу токтотулгандыктан, маркумдун сөөгүн алып келүүгө мүмкүн болбой, ал Россияга коюлат.

Элчиликтин маалыматына караганда, ал жактагы коюлуучу жай ордун туугандары тандайт. Жумуш берген тарап маркумдун сөөгүн жерге берүү жана компенсация төлөп берүү боюнча чыгымдарын көтөрөт.

Ал жакта жугуштуу дарт ооруканасы курулуп жатканын жана өрт тууралуу россиялык ЖМК билдирген. Кечээ, 5-апрелде, ТАСС инфекциялык оорукананын курулушундагы өрт тууралуу маалымдаган.

Сүрөт жана видео россиялык маалымат булактарынан. Курулуштагы өрт учуру.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты